Кыргызстанда эркектер үчүн биринчи кризистик борбор ачылат

Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү өлкөдө эркектерге карата гендердик теңсиздик байкалууда.

Статистика боюнча 35-65 жаштагы эркектер арасындагы өлүм аялдарга салыштырмалуу үч эсе көп. Эркектер арасында суицид да арбын кездешет. Алкоголдук көз карандуулук 8 эсеге көп. Бирок эркектер жардамга аз кайрылышат, стресске жана ар кандай коркунучтарга да тобокелчилик менен мамиле кылышат. Ошондой эле эркектер аялдардан 2,3 эсеге көбүрөөк оорушат. Мындан тышкары эркектер арасында өндүрүштүк жаракат алгандар да көп экени белгиленет билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан