Айпери Медет кызы Кыргызстанга алгачкы лицензияны алып келди

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.

Жарым финалда Айпери Медет кызы колумбиялык Татьяна Рентерия менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айпери Медет кызы "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утту. Бул Кыргызстандын алгачкы лицензиясы.

Финалда Айпери Медет кызы япониялык балбан менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-09-19 21:45:00
Бул татаал мелдештеги оор жеңишиң менен куттуктайбыз. Дагы көбүрөөк ишеним, ийгилик, кайрат жана чечкиндүүлүк каалайбыз. Бул акыркы жеңиш эмес, эң жакшысы али алдыда. Кыргыздын кайратуу, өжөр кыздары өркүндөгүлө, өскүлө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан