Азербайжандын операциясы: Тоолуу Карабахта 27 адам каза болду

Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза тапты. Бул тууралуу эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Степаняндын айтымында, жарадар болгондордун саны 200дөн ашты. Бул сандарга Аскеран жана Мартунидеги медициналык мекемелердин маалыматтары кирбейт, анткени алар менен байланыш түзүү азырынча мүмкүн эмес.

Степанян кошумчалагандай, Тоолуу Карабахтын Аскеран, Мартакерт, Мартуни жана Шуша аймактарындагы 16 конуштан 7 миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабакта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Кечээ кечкисин Баку Карабакта “60тан ашык согуштук позициялар” көзөмөлгө алынганын билдирди.

Таанылбаган республиканын бийликтери “азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн” сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушу менен Бакуга кайрылды. Буга жооп кылып Азербайжан бийлиги Карабак аймагында жашаган армян калкынын өкүлдөрү менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда Баку таанылбаган өлкөнүн өкмөтү тарап кетмейинче, Карабактагы согуштук аракеттерди токтотуу ниети жок экенин баса белгиледи. Азербайжан да Армениянын куралдуу күчтөрүн аймактан чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян болсо Армениянын Тоолуу Карабахта армиясы жок экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан