Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү демилгеси колдоо тапкан жок

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, камактагы оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Депутат Гуля Кожокулова комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Анын негизинде комиссиянын курамына ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден өкүл кирүүсү керек эле.

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына

- Жанар Акаев ("Альянс");

- Султанбай Айжигитов ("Ыйман Нуру");

- Шарапаткан Мажитова ("Ынтымак");

- Жалолидин Нурбаев ("Элдик" депутаттык тобу);

- Айсаракан Абдибаева ("Ишеним");

- Гуля Кожокулова ("Бутун Кыргызстан") кирүү ниетин билдирди.

Ал эми "Мекенчил" депутаттык тобу менен "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы комиссиянын курамына кирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу алардын лидерлери Эльмурза Сатыбалдиев менен Бактыбек Сыдыков билдирди.

Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттык комиссия түзүү үчүн курамында эң аз дегенде 7 депутат болушу керек экендигин, комиссиянын курамына кирүү ниетин 6 гана депутат билдиргенин белгилеп, комиссия түзүлбөй тургандыгын айтты.

Андан соң бир мандаттуу округдан шайланган депутат Дастан Бекешев мүчө жетпесе кире турганын билдирди. Сыдыгалиев комиссиянын курамын токтом менен бекитип алуу үчүн добушка койду. Аны каттоодон өткөн 73 депутаттын ичинен 40 эл өкүлү колдосо, 11 депутат каршы добуш берди. Нурбек Сыдыгалиев токтом 46 депутаттын макулдугу менен өтө турганын жүйө келтирип, убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгеси колдоо таппай калганын айтты.

Мадумаров 2-сентябрда кармалган. ИИМ ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет.

Жогорку Кеңеш 20.09.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан