Мадумаровдун камалышы: ИИМ расмий билдирүү таратты

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди.

Маалымдалгандай, министрликтин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлганы айтылды.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-сентябрда эл өкүлү Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ушул эле күнү ага карата Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 24-октябрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган.

Тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Uri24
2023-09-03 10:15:00
Ташиевтин буйрутмасы.
+2
Mashyrbek
2023-09-03 12:41:00
Кол койгон торт косого эми шашбай жооп берсин
-2
Gold81
2023-09-03 12:57:00
Эчак эле камалышы керек болчу!
-4
-Aybek18
2023-09-03 18:46:00
Анда Кемпир абадчы?? Кыргызстандын казынасынан миллиондорду жегендерчи? Элдин ырыскысыга кол салгандар чыккынчы эмеспи????
+2
make2
2023-09-03 21:17:00
Эми парламенттин кереги деле жок болуп калды окшойт, жалан пахтакорлор калды
+1
altyn7776
2023-09-04 15:19:00
Хайл Сайракан, кайыр! Камерный даамын татып коро элек болчу бу киши, тока сайрачу... кылгылыкты кылып, жооп берчу эмес такыр...корсун, эркек го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан