Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Анда талапкер Кубанычбек Самаковго депутаттык мандат берүү чечимин бир добуштан колдошту.
Айта кетсек, 2021-жылы Ленин округунан депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров ушул жылдын 12-мартында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.
Андан кийин 28-майда кайра шайлоо өтүп, жыйырма тогуз талапкердин ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.
5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын жана Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарып, Ниязалиеваны жоопко тартууга макулдук берген.
Алдыңкы орун алган эки талапкердин тең добуштары жокко чыгарылганына байланыштуу жаңы шайлоо дайындалып, ал 10-сентябрда өткөн. Анда Кубанычбек Самаков 26,14 пайыз добуш менен биринчи орунду алган.