Сокулукта ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча үч адам кармалды

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында болгон жапырт мушташка катышууга шектелип, үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.

Алар: 1954-жылы туулган Д.М., 1988-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган М.М. Жаңы-Жер айылындагы 20-хутор аймагынын тургундары болгон. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Маалымдалгандай, окуяга тиешеси бар айылдын дагы эки тургунуна - Курбангаджи Абдуллаев менен Магомед-Эмин Даудовго издөө жарыяланганын билдирди.

Окуяны иликтөөнүн жүрүшүндө 30дан ашуун адам суракка алынганы кабарланды.

22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abramovich
2023-09-23 13:10:00
Ошол жерде жашагандардын бут уйлорун текшериш керек, мыйзамсыз курал жарак алып жургондорго
+2
Azat-123
2023-09-23 13:14:00
кебетең дурайндар, Кыргызстанда тынч жашап жатканыңа шүгүр кылбайсыңарбы, жакшылыгы жоктор, бөрү баласы ит болбойт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан