Сокулукта ок атуу менен коштолгон жаңжал: Издөөдө жүргөндөр кармалды

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында болгон жапырт мушташка катышууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалым болгондой, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 100дөн ашык адам суракка алынып, 27 жолу тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү ири өлчөмдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган.

Буга чейин окуяга тиешеси бар деген шек менен Курбангаджи Абдуллаев менен Магомед-Эмин Даудовдун издөөдө жүргөнү айтылган. Бүгүн, 26-сентябрда издөөдө жүргөндөр кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алардан иш боюнча далил катары 7,62 миллиметр калибрдеги он огу менен "Сайга-МК" мылтыгы (Восток айылынын жанындагы талаага катылган) жана 51 огу бар АК-74 автоматы (Васильевка айылына жакын жердеги талаада көмүлгөн) табылган. Мекемеден билдиришкендей, учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

23-сентябрда 1954-жылы туулган Д.М., 1988-жылы туулган М.М. жана 1997-жылы туулган М.М. аттуу жарандардын кармалганы айтылган. Ал эми Чүй облустук милициясынан 1990-жылы туулган Д.Г., 1998-жылы туулган М.М. жана 1958-жылы туулган А.Х. аттуу жарандардын да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришкен.

Эске салсак, 22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза тапкан. Ок тийген дагы 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан