Жапаров: "Байракты бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз"

Бүгүн, 26-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алдыңкы орундарды багындырып, ийгилик жараткан балбандарды куттуктады.

Мамлекет башчысы ата мекендик спортчулар командалык эсепте биринчи жолу 3-орунду камсыз кылып, тарых жаратканын белгиледи.

"Алдыга максат коюп, тер төгө мээнет кылып, натыйжада дүйнө элинин көз алдында кыргыз байрагы бийик желбиреп, гимнибиз жаңырганда, жеңишти камсыз кылган спортчулар кандай толкунданса, мындай кубанычтуу көз ирмемдерди көгүлтүр экрандан көрүп турган кыргызстандыктар эки эсе толкунданып, төбөбүз көккө жете сүйүнгөн учурду сөз менен айтып берүүнүн өзү кыйын болуп турат.

2024-жылы Парижде өтө турган 33-Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо жеңип алгандарга үмүтүбүз да, ишеничибиз да чоң. Биз албетте, мамлекеттин желегин бийик желбиреткен спортчуларды көңүл сыртында калтырбайбыз, алардын жараткан ийгиликтери татыктуу бааланат деп сөз беребиз", - деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байгени багындырды.

Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Тайырбек Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөндүктөн улам ага лицензия берилген жок.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан