Бүгүн, 26-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан спортчуларга сый-урмат көрсөтүү аземи болуп өттү.
Анда президент Садыр Жапаров Белградда өткөн Дүйнө биринчилигинде алдыңкы орундарды багындырып, ийгилик жараткан балбандарды куттуктады.
Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй өлчөмдөгү акчалай сертификаттарды тапшырды:
Алтын тагынган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков 1 миллион сомдон алышты;
Күмүш медаль алган Айпери Медет кызы - 750 миң сом;
Коло медалга ээ болгон Тайырбек Жумашбек уулу - 500 миң сом.
Ошондой эле спортчулардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар тапшырылды.