Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө блогер Бекболот Турдушев эки күндөн бери дайынсыз болууда

Ысык-Көлдө блогер Бекболот Турдушев дайынсыз болууда. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, кечээ, 26-сентябрда анын атасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал уулу 25-сентябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында достору менен жолугушууга кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин билдирген.

Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Бекболот Турдушев социалдык тармактарда алардын айылына эки кабаттуу мектеп куруп берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу менен белгилүү болгон. Андан кийин блогер жана актёр катары да таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан