Биз социалдык тармакта

"1 кап ундун баасы 1500 сом".  Өлкөдө ундун баасы туруктуу экени айтылды

Кыргызстанда 1-сорттогу унга болгон баа туруктуу, сатып алуучулардын арасында эч кандай ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн биринчи сорттогу 1 кап унунун баасы 1500 сомду түзөт.

Белгиленгендей, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга рыноктук бааны турукташтыруу максатында өлкөдөн айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынган.

Ошондой эле мамлекеттик дан резервинен азык-түлүк буудайын чыгаруу боюнча буйрук даярдалган. Буйрук кабыл алынып, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылууда.

Эске салсак, өткөн аптада ундун баасы кымбаттап, анын натыйжасында нандын баасы да көтөрүлүп кеткен. Соодагерлер Казакстандан ташылып келинген ундун кабы миң сомго кымбаттаганын айтышкан.

Бул боюнча Ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте унду тегирмендин баасында сатуу боюнча жарманкелер уюштурулуп жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкен. Учурда бир нече сатуу түйүндөрүндө ун арзан баада сатылууда.
Ал эми Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү экенин айтып, кооптонууга негиз жоктугун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан