Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Кыргызстандагы тойканалардын коопсуздугун текшерүүнү сунуштады.
Токтошев мындай текшерүүгө Ирактагы тойканалардын биринде болгон жарылууну мисал кылды.
"Кечээ Иракта тойкана өрттөнүп кетип, 120дан ашык адам каза тапты. А бизде абал кандай? Бизде деле ошондой эле тойкана, ошондой эле ремонт да. Өлкөдө деле тойканаларды ошондой курулуш материалдары менен оңдоп-түзөшөт. Тойканадагы адамдардын коопсуздугуна ким кепилдик берет? ",- деди эл өкүлү.
Ошондой эле Токтошев праламенттин төрагасына бул боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берүүнү сунуштады.
"Биздин тойканаларда деле ошондой пиротехникаларды колдонушат. Ушуну көзөмөлдөбөсөк болбойт, бул өтө кооптуу", - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, Ирактын Найнава провинциясында үлпөт той учурунда тойканадан өрт чыгып, 100дөн ашык адам каза тапкан. Кийинчерээк өрттүн той учурунда фейерверк атуудан чыкканы айтылган. Ошондой эле тойканада өрт коопсуздук талаптары сакталбаганы, анын тез күйүүчү жана кымбат эмес материалдардан жасалганы себеп болгону айтылган.