BYD автоконцерни Кытайда сууда сүзүүгө жөндөмдүү YangWang U8 унаасын жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, YangWang U8 унаасы Кытайда массалык өндүрүшкө кирген эң кымбат электр унаасы болуп саналат. Анын баасы 15 миллион сомду түзөт.
Гидравликалык системанын аркасында бул унаа 150 миллиметр бийиктикке чейин көтөрүлөт. Ошондой эле ал бир жерде туруп 360 градуска бурулуш жасай алат.
Эгерде унаа сууга тереңирээк чөгүп кетсе, авариялык сүзүү режими иштетилет. Ал саатына 3 чакырым ылдамдык менен алдыга жылат, ал эми унаа бир сааттан ашык сүзө алат.
Автоунаанын өндүрүүчүлөрү унаанын мындай өзгөчөлүгүн көл жана дарыяларды кесип өтүү үчүн эмес, сел сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга арналганын баса белгиледи. "Сүзүүдөн" кийин унааны тейлөө борборуна жеткирүү керек.