Орусия Касым-Жомарт Токаевдин санкция тууралуу айткандарына реакция жасады

Орусия Казакстан менен тышкы терс таасирсиз мындан аркы натыйжалуу кызматташууну чыдамсыздык менен күтөт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Астананын Орусияга каршы батыш өлкөлөрүнүн санкциялык режимин сактоо ниети тууралуу айткандарына комментарий берип жатып билдирген.

"Биз казак өнөктөштөрүбүз менен жакшы коңшулук мамилелерибизге, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкка терс таасирин тийгизбөө үчүн мындан ары да эффективдүү иштешебиз деп күтөбүз. Бул абдан масштабдуу жана эки өлкөгө тең чоң пайда алып келет", - деп билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Ошондой эле министрлик Москва Казакстандын үчүнчү өлкөлөр менен мамилесине кийлигишпей турганын баса белгиледи.

Кечээ, 28-сентябрда Токаев Германиянын канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында Казакстан Орусияга киргизилген санкциялык режимди сактай турганын жана Берлин бул жагынан кооптонбошу керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан