Коңшу Казакстанда учак кулады

Коңшу Казакстандын Караганда облусунда UPLA286 P2002 үлгүсүндөгү учак окуу-машыгуу учурунда кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учак 30-сентябрь күнү эртең менен Үштөбе айылындагы Балапан машыгуу талаасынан учуп чыккан.

"Саат 07:46да учак абага көтөрүлгөндөн кийин учактын экипажы менен байланыш үзүлдү. Издөө учурунда талкаланган учак жана эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Учак менен болгон кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:44тө Караганда облусунун Доскей айылынан беш чакырым алыстыкта ​​болгону такталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан