Коңшу Казакстандын Алматы облусундагы мечиттердин биринде намаз окулуп жатканда бөлмөдө ары-бери чуркап бараткан баланы имам чаап жиберди. Мыйндай видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда.
Видеодон көрүнгөндөй, чоңдор намаз окуп жатканда мечитке кичинекей бала кирип келип, ары-бери чуркап ойнойт. Ал имамдын алдына келгенде имам аны чаап жиберип, бала жыгылып калат.
Кийинчерээк имам өз катасын мойнуна алып, баланын ата-энесинен жана коомчулуктан кечирим сурады. Баланын ата-энеси имамды кечирип, эки тарап тең элдешти.
Бирок имам бул окуядан кийин кызматынан алынды.