Арменияда Орусиянын бардык телеканалдары өчүрүлүшү мүмкүн

Арменияда орусиялык бардык телеканалдар өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бийликтеги “Жарандык келишим” фракциясынын депутаты Лусине Бадалян билдиргенин Армениянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Бадаляндын айтымында, россиялык телеканалдардын көрсөтүүсүн токтотуу ыктымалдыгы көптөн бери талкууланып келет.

"Албетте, бул маселелер талкууланып жатат, кабыл алынган чечим боюнча тиешелүү ведомстволор билдирүү жасашат. Бул маселе көптөн бери талкууланып келе жатат, ал тургай Улуттук чогулуштун пленардык жыйындарында да көтөрүлгөн", - деген ал.

Учурда Арменияда "РТР Планета", "Россия Культура", мамлекеттер аралык "Мир" жана башка телеканалдар көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан