Өзбекстандын Сенаты бетти жаап жүрүүгө тыюу салууну жактырды

Коңшу Өзбекстандын Сенаты көп аял алууну пропагандалоого жана бетти жапкан кийим кийүүгө тыюу салууну жактырды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Сенаторлор ишемби күнкү 45-пленардык жыйында улуттар аралык ынтымакты, светтик баалуулуктарды сактоого жана аялдардын укуктарын коргоого багытталган кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жактырышты.

Мыйзам жарандардын улуттук, расалык, этникалык же диний белгилери боюнча артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоо, ошондой эле никеси мыйзамда белгиленген тартипте катталбаган адамдардын ортосунда диний нике кыюу жөрөлгөсү үчүн администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт.

Ошондой эле мыйзамда эки же андан көп аял менен чогуу жашоого көмөктөшкөн, ошондой эле аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун эл алдында тануу үчүн административдик жоопкерчилик киргизилген.

Мындан тышкары коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөн жарандар үчүн административдик жоопкерчилик чарасы киргизилүүдө.

Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн мыйзамга Өзбекстандын президенти кол коюшу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-10-01 17:59:00
Хиджаб, паранджи, бети башына чүмкөнүү кыздарды эч кандай бакытылуулука, ийгилике ал барбайт. Мындай сокур диний ишенимдерге барбагыла. Кыздардын бети башын чүмкөнтүү зомбулука, радикализмге жол ачат жана талибан сымал динбаштардын отуна май тамызат. Акырында кыздардын өзүнө тозок жашоо алып келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан