Түркия Анкарадагы жардыруудан кийин Ирактагы күрт козголоңчуларына абадан сокку урду

Түркия жекшемби күнү Анкарада парламенттин жана ички иштер министрлигинин имараттарынын жанында жан кечтинин жардыруусуна жооп иретинде Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларына абадан сокку урду. Бул тууралуу BBC басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, сокку Күрдистан партиясынын бункерлерине жана курал кампаларына жасалган. Андан 20дай имарат жок кылынган. Түркиянын Коргоо министрлиги бул сокку "Ирактын түндүгүнөн түрк калкына жана укук коргоо органдарына каршы террордук чабуулдардын алдын алуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу" үчүн жасалганын билдирди.

Жекшемби күнү эки белгисиз адам Анкарада түрк парламенти менен ички иштер министрлигинин жанында жардыруу уюштурушкан. Кол салгандардын бири сырттан кароолчуларды алаксытуу үчүн министрликтин имаратына жардыруучу зат ыргытса, экинчиси министрликтин дарбазасындагы күзөтчүлөргө ок чыгарып, андан соң бомба жардырып, натыйжада каза болгон.

Бул жардырууну үчүн жоопкерчиликти Күрдистан партиясы алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан