Америкалык сенатор үй-бүлөсү менен чогуу учак кырсыгынан каза болду

АКШнын Түндүк Дакота штатынын республикачыл сенатору Даг Ларсен жубайы жана эки кичинекей баласы менен Юта штатында учак кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, үй-бүлө чакан жеке учакта саякатка чыккан. Учак жекшемби күнү кечинде Каньонленд аэродромунан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн. Шерифтин кеңсеси учактагы төрт адамдын тең каза болгонун билдирди.

Учурда бул кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ларсен 2020-жылы Түндүк Дакота Сенатына биринчи жолу шайланган республикачы болгон. Анын районуна Мандан шаары кирет. Ларсен Сенаттын өнөр жай жана бизнес мыйзамдары менен алектенген комитетин жетектеген. Ал жубайы Эми экөө ишкерлик менен алектенип келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан