Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу боюнча билдирүү таратты.
"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти.
Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү", - деп жазылат билдирүүдө.