Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров улуу кызы Айшатты Чеченстандын вице-премьер-министри кылып дайындоо сунушун колдоду. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн телеграм каналына жазды.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Айшат дайындалганга чейин республиканын Маданият министрлигин жетектеп келген.
"Мен премьер-министр Муслим Хучиевдин сунуштарын колдодум. Албетте, Айшат Кадырова Маданият министрлигинин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө чоң салым кошкон жана топтогон иш тажрыйбасы бар", - деп жазды Чеченстандын башчысы.
Чеченстандын башчысынын тун кызы 1998-жылы 31-декабрда төрөлгөн. Ал Чечен мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн, 2016-жылдан бери Firdaws мода үйүн жетектеп келген.