"Акыркы чечимди чыгарабыз". Камчыбек Ташиев Баткенде кол коюлган протокол боюнча билдирүү жасады

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов чогуу видео кайрылуу жасашты.

Анда Ташиев Баткенде кол коюлган протокол боюнча айтып жатып, жакында чек ара боюнча акыркы чечим кабыл алынарын билдирди.

"Бул протокол эки тарап менен макулдашылды. Бул протокол бизге бардык чек ара маселесин чечкенге жардам берет. Кудай буюрса, жакында чек ара боюнча акыркы чечимди чыгарабыз. Мен командаларга ыраазычылык билдирем. Биздин комиссия үзгүлтүксүз, ар дайым иштейт деген чечимге келдик. Бүгүнкү кол коюлган протокол чек арада тынчтык болоруна негиз берет. Биздин элибиз достукта жашайт", - деди Ташиев.

Кечээ, 2-октябрда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги Биргелешкен жыйыны болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-10-03 14:36:00
Ташиев эркек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан