Түркияда өлкө боюнча антитеррордук операция башталды

Түркияда өлкө боюнча антитеррордук операция башталды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) билдирди.

Министрдин айтымында, эртең мененки саат 8:30га карата Түркияда 466 операция жүргүзүлүп, ага 13 миң 440 коопсуздук кызматкери тартылган.

Алардын жүрүшүндө Мерсин, Ван, Шанлыурфа, Мардин жана Айдында 12, Диярбакыр, Газиантеп, Стамбул, Бурса, Батман, Денизли, Адана, Кайсери, Анталья, Конья, Испарта жана Кожаэлиде кеминде 55 киши кармалды.

"Биз эч бир террористтин ишин улантуусуна жол бербейбиз. Коопсуздук күчтөрүбүздүн аракети менен тынымсыз күрөшүбүздү улантабыз",-деди Йерликая.

Эске салсак, 1-октябрда Анкарада Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында теракт болгон. Министрликтин башкы коопсуздук башкармалыгынын имаратынын жанында эки террорист жардыруу жасашкан. Террорчулардын бири өзүн жардырса, экинчиси ошол жерде кармалган. Эки полиция кызматкери жеңил жаракат алган.

Бул боюнча жоопкерчиликти Түркияда тыюу салынган "Күртстан жумушчу партиясы" өз мойнуна алганын Al Jazeera басылмасы жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан