Пакистан бийлиги бардык мыйзамсыз ооган качкындарына 1-ноябрга чейин өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, мындай чечим Ооганстандагы согушкерлердин Пакистандын чек арасында бир нече чабуулдарды уюштургандан кийин кабыл алынган. Өткөн аптада Ооганстан менен чектеш Мастунг шаарындагы мечитте диний майрам учурунда жардыруу болуп, кеминде 52 адам каза тапкан.
Пакистан бир нече жылга созулган согуш учурунда өзгөчө 2021-жылы Ооганстанда талибдер бийликке кайтып келгенден бери жүз миңдеген ооган качкындарын кабыл алган.
Ал эми Талибан (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) көзөмөлдөгөн ооган өкмөтү Пакистандын кадамын кабыл алынгыс деп атап, аны кайра карап чыгууга чакырды.
БУУнун маалыматы боюнча, 1,3 миллионго жакын оогандык Пакистанда качкын катары катталган, дагы 880 миңине өлкөдө калууга уруксат берилген. Ал эми аталган мамлекеттин ички иштер министри Сарфраз Бугт өлкөдө болжол менен 1,7 миллион ооганстандык мыйзамсыз жүргөнүн айтты.
Анын айтымында, мыйзамсыз жүргөндөр айдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш.
"Эгер алар чыгып кетпесе, анда провинциялардагы бардык укук коргоо органдары же федералдык өкмөт аларды депортациялоого тартылат", - деген Бугт.