
Өлкөнүн мыйзам талаптарына баш ийбеген уюшкан кылмыштуу топтор мындан ары да катуу жазаланат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси
Камчыбек Ташиев УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышында билдирди.
"Мен УКМКнын башчысы катары бир нече жолу мыйзамды бузгандардын баары мыйзам алдында жазаланат деп эскертип айткам. Биздин кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун башчысын кармоо үчүн атайын операция жүргүзүп жаткан учурда алар ок чыгарышты. Ошол себептен ар кандай маселелер менен кармалып жүргөн мыйзамдагы ууру жок кылынды. Мен айтып коюшум керек мындан ары да ушундай болот.
Мен ушул жерде расмий түрдө кечээки кримтөбөлдүн тегерегиндеги ар бир адамга айтып коёюн. Эгерде кимдир бирөө кайсыл бир маселе боюнча мыйзамды бузуу аракетин жасаса, мыйзам чегинде жазасын алат. Жазасын алганда дагы өтө катуу жазаланат. Бир кримтөбөл башын көтөрө турган болсо, биз башын кыя чабабыз. Ачык эле айтып коёюн. Өлкөдө президент Садыр Нургожоевичтин жана мамлекеттин мыйзамдуулукту орнотуп, мыйзам менен жашоого саясий эрки жетет. Муну аткарабыз", - деди ал өз сөзүндө.