Азия оюндары: Кымбат Тойтонова коло байге үчүн беттешет

Карате боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кымбат Тойтонова Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байге үчүн беттешет.

Тойтонова 61 килограмм салмак даражасында күч сынашууда. Ал алгач кореялык атаандашын жана бангладештик спортчуну жеңген. Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчуга жеңилип, эми коло байге үчүн беттеш өткөрөт.

Ал эми спорттун ушул эле түрү боюнча Адилет Шадыканов алтын үчүн беттеш өткөрөт. Ал эми кечээ, 5-октябрда кыргызстандык спортчу Назим Нурланов спорттун аталган түрү боюнча коло медаль тагынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан