Азия оюндары: Кымбат Тойтонова карате боюнча коло байгеге татыды

Карате боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Кымбат Тойтонова Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге татыды.

Тойтонова 61 килограмм салмак даражасында күч сынашты. Ал алгач кореялык атаандашын жана бангладештик спортчуну жеңген. Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчуга жеңилип, коло байге үчүн беттеш өткөрмөк.

Спорттун ушул эле түрү боюнча Адилет Шадыканов алтын үчүн беттеш өткөрөт. Ошондой эле кечээ, 5-октябрда кыргызстандык спортчу Назим Нурланов да спорттун аталган түрү боюнча коло медаль тагынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан