"Уюшкан кылмыштуу топ коркутса кабарлагыла". УКМК ишкерлерге кайрылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды уюшкан топтордун зомбулуктарын кабарлап турууга чакырат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК жарандардын, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, инвесторлордун, бизнес-коомчулуктун укуктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө жигердүү киришкенин кабарлады.

"Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн мындай фактылар боюнча УКМКга билдирип турууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкекте 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кримдүйнөнүн өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамга баш ийбегендерге катуу чара көрүлөрүн эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mashyrbek
2023-10-07 18:41:00
К.Ташиев чыныгы мекечил лидер
+1
Azat-123
2023-10-07 19:38:00
Бул башталышы, Ташиевтин чыныгы сүрүн эми көрөсүздөр
+1
vvoillbit
2023-10-08 22:09:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан