Социалдык тармактарда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жубайымын деген аял видео кайрылуу жасады. Ал видео Тикток социалдык тармагына жарыялаган.
Аялдын айтымында, ал Камчы Көлбаевге турмушка чыкканда жолдошу карапайым жигит болгон жана эч кандай макамы болгон эмес. Ал Камчы Көлбаев менен экөөнүн алты баласы, сегиз небереси, эки келини жана үч күйөө баласы бар экендигин билдирген.
"Мен Камчы Көлбаевдин жубайымын. Азыр эми жесир болуп калдым. Биздин алты балабыз, сегиз неберебиз, эки келинибиз жана үч күйөө балабыз бар. Мен милдетим катары ал кандай киши болгондугу тууралуу айтып бергим келет. Камчы мен үчүн, балдарым жана туугандары үчүн сүйүктүү, жакшы адам бойдон калат. Бизди жакындан билген адамдар анын татыктуу адам экендигин тастыктап беришет.
Чет жерде эч кандай эсептерибиз жок, ал үй-бүлөсүнө эч кандай миллиондорду таштаган эмес", — деди ал.
Эске салсак, Бишкекте 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев крим дүйнөнүн өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамга баш ийбегендерге катуу чара көрүлөрүн эскерткен.