Кечээ, 8-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX Азия оюндары жыйынтыкталды. Жарым айга созулган ири спорттук иш-чаранын жабылыш аземи Ханчжоу калаасындагы "Спорттук сейил бак" аренасында болуп өттү. Азия өлкөлөрү үчүн олимпиадага тете болгон мелдешке жалпы 45 мамлекет катышып, спорттун 40 түрүнөн (61 дисциплина боюнча) медалдар ойнотулду. Жалпы жыйынтыкта үй ээлери мыкты болуп, байгенин жарымынан көбү Кытайда калды. Жергиликтүү спортчулар 201 алтын, 111 күмүш жана 71 коло медаль жеңип алышты. Ал эми 2-орунду 52 алтын, 67 күмүш, 69 коло медаль менен Жапония ээледи. Алдыңкы үчтүктү 42 алтын, 59 күмүш жана 89 коло медаль уткан Түштүк Корея толуктады. Медалдык рейтингде кийинки катарларга Индия, Өзбекстан, Тайбей, Иран, Таиланд, Бахрейн жана Түндүк Корея мамлекеттери жайгашты.
Кыргызстан бул ирет континенталдык мелдеште мыкты жыйынтык көрсөтүп, өз тарыхында рекорд жаратты. Ата мекендик спортчулар 23 спорт түрүнөн өлкө намысын коргоп, 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип алышты. Муну менен улуттук курама команда медалдык рейтингде 18-орунга ээ болду. Бир апта мурун эле дүйнө биринчилигин багындырып, ага улай Азияга аттанган балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына катарынан 3 алтын медалды алып келишти. Алардан тышкары дзюдочу Эрлан Шеров аталган спорттун тарыхында алгачкы жолу Азия оюндарынын чемпиону болууга жетишти. Дүйнөлүк биринчиликте жаракат алып калган Мээрим Жуманазарованын ордуна келип, өлкө намысын коргогон Нурзат Нуртаева көпчүлүктүн ишеничин актап, финалга чейин жетип барып, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле дагы бир күмүш байгени каратэчи Адилет Шадыканов жеңип кайтты. Ал эми Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчулар: Орозбек Токтомамбетов, Айаал Лазарев, Раззак Бейшекеев (күрөш), Назим Нурланов, Кымбат Тойтонова (каратэ), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Авазбек Аманбеков жана Темирлан Аманкуловдор (ушу-саньда) коло байгени камсыздашты.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин алгачкы жолу 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн Азия оюндарына катышкан. Анда спортчулар 4 күмүш, 5 коло медаль жеңип, Азия оюндарынын тарыхында биринчи жолу кыргыз туусу жогору көтөрүлгөн. Аталган мелдеште легендарлуу балбандар Раатбек Санатбаев (грек-рим күрөшү), Максат Бобурбеков (эркин күрөш), велоспортчу Евгений Ваккер, ок атуу боюнча Юрий Ломов күмүш медаль жеңип алган. Ал эми Руслан Гебеков (грек-рим), Нурдин Мамаев (эркин күрөш), Митал Шарипов (оор атлетика) жана вело жарыш менен заманбап спорттун 5 түрү боюнча катышкан курама команда коло байге жеңип кайткан.
Өзбекстан курама командасы 1994-жылдагы Азия оюндарында
1998-жылы Азия оюндары Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Анда Раатбек Санатбаев, Евгений Ваккер, Юрий Ломовдор кайрадан мыктылыгын көрсөтүп, экинчи ирет өлкө капчыгына күмүш медаль алып келишкен. Мындан тышкары Анна Чернцова менен Николай Давыдов жеңил атлетика боюнча коло медаль уткан. Дагы бир коло байгени ок атуу спорту боюнча катышкан курама команда жеңип алган.
Раатбек Санатбаев - Азия оюндарынын 2 жолку вице-чемпиону.
2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн Азия оюндары тарыхый мелдеш катары көпчүлүктүн эсинде сакталып калды. Аталган спорттук иш-чарада Кыргызстан өзүнүн алгачкы алтын медалына ээ болгон. Тактап айтсак, жеңил атлетика боюнча өлкө намысын коргоп жаткан Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова алтын медаль жеңип, өлкөнүн спорт тарыхында чоң ачылыш жасаган. Аталган мелдеште балбандар Данияр Көбөнов (грек-рим) менен Алексей Крупняков (эркин күрөш) күмүш, Уран Калилов (грек-рим) менен Улан Кадырбек уулу (эркин күрөш) коло байгеге ээ болушкан. Ошондой эле Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшүнүн жол баштоочусу Яна Панова коло медаль жеңген. Ал эми легендарлуу велоспортчу Евгений Ваккер үчүнчү жолу вице-чемпион аталып, күмүш медалга жетишкен. Мындан тышкары Таалайбек Кыдыралиев менен Алексей Катулевский бокс боюнча, Елена Костюкова ок атуу спортунан коло медаль тагынган.
Татьяна Ефименко - 2002-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону.
2006-жылы Катардын борбору Дохада өткөн Азия оюндарына Кыргызстандан 100 гө жакын спортчу барган. Алар спорттун 25 түрүнөн күч сынашып, өлкө капчыгы 2 күмүш, 6 коло медаль менен толукталган. Атап айтсак, Татьяна Ефименко менен Евгений Ваккер күмүш медаль тагынса, коло байгенин дээрлик бардыгын күрөш боюнча балбандар жеңип кайткан. Алар: Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Жанарбек Кенжеев, Нурбек Ибрагимов (грек-рим), Алексей Крупняков (эркин күрөш) жана Яна Панова (кыз-келиндер күрөшү).
Яна Панова (солдон оңго үчүнчү) - 2006-жылдагы Азия оюндарынын коло медаль ээси.
2010-жылы Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндары да кыргызстандык спортчулар үчүн ийгиликтүү мелдештердин бири болгон. Анда Данияр Көбөнов грек-рим күрөшүнөн Азия оюндарынын чемпиону болуп, кыргыз күрөш мектебин бүтүндөй Азия чөлкөмүнө тааныткан. Ошондой эле дагы бир балбан Каныбек Жолчубеков финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынса, Жанарбек Кенжеев коло медалга ээ болгон. Мындан тышкары, кайыкта жарышуу боюнча катышкан курама команда дагы вице-чемпиондукту ээлесе, легендарлуу велоспортчу Евгений Ваккер бул ирет дагы байгесиз келбей, мелдештин коло медалына жетишкен.
Данияр Көбөнов - 2010-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону.
2014-жылы Азия оюндарын Түштүк Кореянын Инчхон шаары кабыл алды. Анда улуттук курама команда 2 күмүш, 4 коло медаль жеңип кайткан. Тагыраагы, велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөштөн күч сынашкан Магомед Мусаев күмүш медаль тагынган. Аталган ири мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөнүн 3 жолку, Азиянын 5 жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын жеңүүчүсү, кыргыз спортунун легендасы Айсулуу Тыныбекова алгачкы ирет өлкө намысын талашкан. 21 жаштагы Айсулуу Тыныбекова анда, чейрек финалда моңголиялык спортчуга жеңишти алдырып жиберген. Ал эми коло байге үчүн болгон беттеште түндүк кореялык спортчуну 5:1 эсебинде утуп, эл аралык ири мелдештеги алгачкы байгесине ээ болгон. Инчхондогу Азия оюндарында Жанарбек Кенжеев (грек-рим) менен Эламан Догдурбек уулу (эркин күрөш), ошондой эле Турат Осмонов (бокс) коло медаль жеңип кайтышкан.
Евгений Ваккер (велоспортчу)- Азия оюндарынын 5 жолку вице-чемпиону.
2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндары кыргыз спорт тарыхындагы эң жемиштүү мелдештердин бири. Анда ата мекендик спортчулар 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медаль жеңип, өлкө капчыгына жалпы 20 медаль алып келишкен. Бул жолу Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова (жеңил атлетика) жана Төрөкан Багынбай-улы (Жиу-житсу) Азия оюндарынын чемпиону аталган. Ал эми Магомед Мусаев, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудовдор (грек-рим), Нурсултан Арымкулов (Жиу-житсу) жана Дарья Маслова күмүш медаль тагынган. Ошондой эле, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы баштаган күрөш чеберлери коло байгеге ээ болушкан. Муну менен катар Абдурахманхаджи Муртазалиев, Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу), Артур Те, Владимир Золоев (дзюдо), Изат Артыков (оор атлетика), Азат Усеналиев (бокс), Данияр Токуров, Жолдошбек Акимкановдор (силат) да коло медаль менен кайтышкан.
Айсулуу Тыныбекова - 2018-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону.
Дарья Маслова - 2018-жылдагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү.
Жалпылап айта турган болсок, Кыргызстан эгемен тарыхында 8 ирет Азия оюндарына катышып, 80 медаль жеңүүгө жетишкен. Алардын ичинен 10 алтын, 24 күмүш жана 46 коло байге. Спортчулардын ичинен велоспортчу Евгений Ваккер эң көп медаль уткандардын сап башында. Ал 1994-жылдан 2014-жылга чейин катары менен 6 жолу Азия оюндарына катышып, биринде да байгесиз келген эмес. Тактап айтканда, 5 жолу күмүш медаль тагынса, 1 ирет коло байге жеңип кайткан. Ал эми алгачкы алтын медалды айымдар алып келген. Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова 2002-жылдагы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча чемпион болушкан. Ошондой эле күрөш, жеңил атлетика жана ок атуу спортунун өкүлдөрү ийгиликтүү болуп, кыргыз желегин көп жолу желбиреткенин баса белгилеп кетишибиз керек.