Оштун “смотрящийи” экенин айткан Алмаз Эрмекбаев бийликти колдой турганын айтты (видео)

Оштун “смотрящийи” экенин айткан Алмаз Эрмекбаев бийликти колдой турганын айтты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.

Видеодо ал Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун айтып, мындан ары өлкө мыйзамдарын колдой турганын айткан.

"Мен Алмаз Эрмекбаев. Оштун тургунумун. Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөсү болом. Ош шаарын карайм. Мен бийликти колдоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле кадыр-барктуу жаран катары жашоого милдеттенем. Эгерде мыйзамдарды бузсам, жоопкерчиликти тартууга даярмын", - дейт ал.

Эске салсак, буга чейин "Сакал" каймана аты бар Улан Токтосуновдун дагы "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тарткан видеосу социалдык тармактарда тараган. Ал эми 6-октябрда "Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов дагы "мыйзамдагы ууру" статусунда эместигин жарыялаган болчу. Мындан тышкары кечээ, 7-октябрда Камчы Асанбектин жан сакчысы делген Улан Барчакеев да "мыйзамдагы ууру" статусуна ээ эмес экенин билдирген.

"Челлендж" уланууда. Дагы бир жаран "кылмыш түшүнүктөрүнөн" баш тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2023-10-08 18:05:00
Ой тообо, бүгүн кеч мен дагы чыгып койсом окшойт, Жалал-Абадты карайм бирок бийликти колдойм деп;)
+1
Uri24
2023-10-08 18:37:00
Кылмышкерлерди ОПГларды аябаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан