УКМК тарабынан жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 700дөн ашык батири мамлекетке өткөрүлөт. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин 40тан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.
"Көлбаев жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империяны” түзүп, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгон. К.Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн. Айрыкча К.Асанбектин криминалдык ишмердүүлүктөгү финансылык кызыкчылыктары көңүл бурууга арзыйт, анткени кылмыштуу уюмда так иерархияны орнотуудан тышкары, ошол эле учурда ага мыйзамдуу бизнестин аркасына жашынып, өзүнө караштуу көптөгөн ийгиликтүү бизнес структураларды түзүүгө мүмкүндүк берген", - деп билдирди УКМК.
Ошондой эле УКМК Камчы Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктер деп ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөнүн билдирди.
"Жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин алкагында алар толугу менен алынды. Кылмыштуу топтун башчысы К.Асанбектин, анын жакындарынын жана жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз мүлктөрүнө 850дөн ашык кыймылсыз мүлктөр, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, анын ичинде брондолгон унаалар, зер буюмдар жана башка мүлктөр бар. Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт", - деп кошумчалашты атайын кызматтан.
Ошондой эле УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөр мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталганын кошумчалады.
"Курулуп жаткан эки гана имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт. К.Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.