"Нобель" сыйлыгы аялдардын маянасы эмнеге аз экенин түшүндүргөн аялга берилди

Быйылкы жылдын экономика боюнча "Нобель" сыйлыгы Гарвард университетинин профессору, америкалык Клаудия Голдинге ыйгарылды. Бул тууралуу Нобель комитети расмий баракчасында жарыялады.

Маалым болгондой, профессор биринчилерден болуп жумуш менен камсыз кылуу боюнча теңсиздиктин кылымдар бою кандайча өзгөргөнүн жана эмне үчүн эркектер дагы деле орто эсеп менен көбүрөөк киреше табарын, ал эми дүйнөлүк эмгек рыногунда аялдар аз көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу баяндама жасаган.

Ошондой эле Голдин аялдардын бала багууга көбүрөөк убактысы менен күчү кете турганын, бул алардын карьерасында өсүүнү кыйындатып, ошого жараша кирешеси аз болорун айткан.

Эске салсак, быйылкы "Нобель" сыйлыгына 11 миллион швед крону же 1 миллион доллар акчалай сыйлык, диплом жана алтын медаль кирет.

Буга чейин "Нобель" тынчтык сыйлыгы учурда абакта жаткан ирандык укук коргоочу Наргес Мохаммадиге берилди. Ал эми адабият боюнча норвегиялык драматург Жун Фоссеге ыйгарылса, химия боюнча "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтез үчүн" америкалык окумуштуулар Мунги Бавенди менен Луи Брюске жана орусиялык Алексей Екимовго ыйгарылды.

Физика тармагы боюнча Пьер Агостини, Ференц Краус жана Энн Л-Хуиллиер ээ болушса, 2-октябрда медицина жана физиология боюнча аталган сыйлык Каталин Карико менен Дрю Вайссманга "COVID-19га каршы эффективдүү mRNA вакциналарын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген нуклеозиддик базанын модификацияларына байланыштуу ачылыштары үчүн" берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан