Бүгүн, 10-октябрда Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы жубайын бычактап, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовдун ишин апелляциялык негизде караган Чүй облустук сотунун үч судьясы маалымат жыйын өткөрүп, иштин создугуу себебин түшүндүрдү.
Алар "Зордуктоо" беренеси менен айыпталган Эстебесовду пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмү негизсиз колдонулганын айтты. Судьялардын бири Тилек Абдырашитов райондук сотто өкүм чыгарууда айыпталуучунун мурдагы иштери, жабырлануучунун өтүнүчү эске алынышы зарыл экенин белгиледи.
Судьялар экинчи инстанцияда соттук апелляциялык арыз жүйөлүү себептерден улам жылдырылып келгенин, анын ичинде жабырлануучу өзү сот отурумуна эки жолу келбей калганын билдирди.
"Бир отурумда айыпталуучунун жактоочусу жок болгон, акыркысында ал адвокатты алмаштыруу өтүнүчүн келтирген", - деди Абдырашитов.
Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн.
Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган. Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынган.
Жабырлануучу Асел Ногойбаева буга чейин облустук сотто апелляциялык арызы каралбай келгенин, отурум боюнча маалымат берилбегенин айтып чыккан. Ошондой эле ал мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, былтыр 31-августта жана быйыл 31-январда милицияга кайрылганы, милиция эки ирет тең "Зордуктоо" беренеси менен иш козгоп, сотко өткөргөнү маалым болгон.
Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Экинчи жолкусунда Сокулук райондук соту айыпталуучуну үч жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылган.
Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыптууну сегиз жылга эркинен ажыраткан.
Башкы прокуратура апелляциялык арызды кароону кечиктирип, создуктурганы үчүн Чүй облустук сотунун үч судьясын жоопко тартуу сунушун Соттордун тартип комиссиясына бергени 9-октябрда маалым болгон.