Ооганстандын батышында 6,3 жана 5 баллдык эки жер титирөө 11 мүнөттүн ичинде болгонун Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Биринчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:11 чамасында 272 миң адам жашаган Герат шаарынан 31 чакырым түштүк-батыш тарапта болуп, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон. 5 баллдык экинчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:22де башталып, эпицентри Гераттан 51 километр алыстыкта, ошол эле тереңдикте жайгашкан.
Эске салсак, 7-октябрда Ооганстандын батышында, Иран менен чек арага жакын жерде күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен дээрлик 2,5 миң адам каза болуп, 10 миңден ашууну жарадар болгон.
Жер титирөө коңшулаш Бадгис жана Фарах провинцияларында да сезилип, жыйырмага жакын калктуу конуш кыйрап, миңдеген имараттар талкаланган.