Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин соттук отуруму өттү.
Шектүү көрсөтмө берер алдында каза болгондордун жакындарынан кечирим сурап, көңүл айтты. Анын айтымында, ал каза болгон аялды 2010-жылдан бери таанычу. Ал маркумга жардам берип келгенин дагы кошумчалады.
Ошондой эле Чынтемир Аширалиев сотто айыптоо корутундусу менен таанышканын жана ага макул эместигин айтты.
"Айыптоо корутундусунда мени кесипкөй эмес деп айыптап жатышат. Эгерде мен өлтүргүм келсе, анда эч ким эч нерсе билмек эмес", - деди Чынтемир Аширалиев.
Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой шектүү Ч.А. кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.