Мурдагы министр Динара Кутманованын уулу Кемел Кутманов Стамбулдан кармалды

Жер казынасын пайдалануу тармагындагы коррупциялык алдамчылыкты уюштурган деп шектелген Жаратылыш ресурстар министрлигинин мурдагы жетекчисинин уулу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан Экология жана техникалык көзөмөл (Жаратылыш ресурстар министрлиги) жана "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фонду Жаратылыш ресурстар министрлигинин жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталып жана бөгөт коюлган, анын жүрүшүндө коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Түркияда жашынып жүргөн коррупциялык топтун дагы бир уюштуруучусу кармалды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Д.Кутманованын уулу К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана Долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган. Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов 5 чарба жүргүзүүчү субъекттен 17 миллион сомдон ашык суммада компенсация алган. Ошондой эле, ал «Жашыл Мурас» долбоору боюнча 7 миллион 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМК кошумчалагандай, Кутманов «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө Фонддун ишмердүүлүгүн түздөн-түз көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып кеткендииги, андан кийин 2023-жылдын Москва шаарына учуп кетип, андан ары Стамбулга сапар алган.
К.Кутмановго «ИНТЕРПОЛ» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана УКМК менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.
Бүгүнкү күндө К.Кутманов анын катышуусу менен тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинип, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан