Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел ооруканадан чыкты

Сокулукта мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеген Асел Ногойбаева ооруканадан үйүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда ага акча каражатын чогултуу максатында ачылган Инстаграм баракчада жазылды.

Социалдык тармактагы баракчада Асель Ногойбаева балдарынын жана апасынын жанында өзүн жакшы сезинип жаткандыгы тууралуу жазылган.

"Асел үйүндө өзүн жакшы сезип жатат. Жанында балдары, апасы жана агасы бар. Ооруканада ага дайыма аны бирөө карап тургандай сезилчү. Ошондон улам ал психотроптук таблеткаларды иче баштаган. Ал жумасына бир жолу операция болгон жерин тазалатуу, таңуу үчүн улуттук ооруканага барат. Кийинки операцияга дагы бир нече ай бар. Жаралары айыга элек болгондуктан таңуу өтө кыйын. Биз жакшылыкка үмүттөнүп, ал үчүн ар дайым дуба кылабыз", - деп жазылган Инстаграм баракчада.

Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн.

Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган. Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынган.

Жабырлануучу Асел Ногойбаева буга чейин облустук сотто апелляциялык арызы каралбай келгенин, отурум боюнча маалымат берилбегенин айтып чыккан. Ошондой эле ал мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, былтыр 31-августта жана быйыл 31-январда милицияга кайрылганы, милиция эки ирет тең "Зордуктоо" беренеси менен иш козгоп, сотко өткөргөнү маалым болгон.

Биринчи жолкусунда райондук сот келиндин тосмо арызынын негизинде айыпталуучуну бошоткон. Экинчи жолкусунда Сокулук райондук соту айыпталуучуну үч жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөлгө алууну өкүм кылган.

Жабырлануучу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Облустук сот жабырлануучу бычакталгандан кийин гана, айыптууну сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Башкы прокуратура апелляциялык арызды кароону кечиктирип, создуктурганы үчүн Чүй облустук сотунун үч судьясын жоопко тартуу сунушун Соттордун тартип комиссиясына бергени 9-октябрда маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан