Жо Байден иш сапары менен Израилге барды

АКШнын президенти Жо Байден бүгүн, 18-октябрда эртең менен Израилге барды. Анын учагы Бен Гурион аэропортуна конду. Байденди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана президенти Исаак Герцог аэропорттон тосуп алышкан. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, Израилде АКШ президентинин коопсуздугу үчүн 1,5 миңге чейин полиция кызматкери тартылган.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Байден 18-октябрда Израилге барарын билдирген. Ал шаршемби күнү Израилге баргандан кийин Амманда Иорданиянын падышасы Абдулла II, Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана Палестина улуттук администрациясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугушууну пландаган. Бирок Иорданияга болгон иш сапары Газа тилкесиндеги ооруканага жасалган кол салуудан кийин жылдырылды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Израилдин аба күчтөрү Газанын борборундагы "Аль-Ахли" ооруканасына сокку урган. Жыйынтыгында 500 киши каза болгонун билдирилген.

Эске салсак, Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Газа тилкесинде кеминде 3 миң адам набыт болгон. Мындан сырткары дагы 1200дөй адам урандылардын астында калган. Алардын арасында 500дөй жашы жете элек балдар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан