Бүгүн, 19-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратында "бомба бар" деген маалыматка байланыштуу бардык кызматкерлер эвакуацияланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда саат 10:27 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ага байланыштуу, окуя болгон жерге райондук администрациянын жетекчилиги жана Октябрь РИИБнин милициясынын үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо барышып, кызматкерлерди жана жарандарды эвакуациялап, имараттын аймагын курчоого алышты.
"Учурда тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдорунун келишин күтүп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин бүгүн, 19-октябрда Бишкекте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку жана Ленин сотторунун имараттары бомба тууралуу маалыматтан улам курчоого алынгандыгы маалым болгон. Ошондой эле милициядан "Азия Молл" соода борборуна да бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөндүгүн кабарлашкан.