#Азыр. Көп капалануу, катуу алган жараат... Дарыгер көкүрөк безинин рагы тууралуу айтат

SUPER.KG порталынын #Азыр түрмөгүнүн бул санында көкүрөк безинин залалдуу шишиги, тагыраак айтканда эмчек рагы тууралуу сүйлөшүүнү туура көрдүк.

Кыргызстанда аялдар арасында эмчек рагы онкологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда турат. Башкача айтканда, бир жылда өлкөдө 700гө чукул аял эмчек рагына кабылат.

Аталган өнөкөттү алдын алуу максатында өлкө аймагында атайын бир айлык компания башталган. Октябрдын башында башталган өнөктүк 30-октябрда жыйынтыкталат. Анын алкагында жарандарга аталган дарт тууралуу кеңири маалымат берилип, акысыз кароодон өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан оору тууралуу эмнелерди билиш керек, кантип алдын алса болот, белгилери кандай болот жана ага кандай факторлар себеп болот? Ушул жана башка суроолорубузга Улуттук онкология борборунун онкологу Нуршат Уматалиева жооп берет.

- Кыргызстанда эмчек рагы менен ооругандардын саны көбөйүп жатканы тууралуу айтылып келет. Алгач статистикалык маалыматтарга токтолуп өтсөңүз?

- Көкүрөк безинин залалдуу шишиги аялдар арасында көп катталган өнөкөттөрдүн ичинен да, өлүм боюнча да биринчи орунда турат. 100 миң аялдын 15и бул оору менен ооруйт. Биздин республикада бул өнөкөт көбүнчө Чүй, Ош жана Нарын облустарында көп катталат. Мындай көрсөткүч бир эле биздин өлкөдө эмес. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эмчек рагы дүйнөдөгү онкологиялык оорулар арасында көптүгү боюнча биринчи сапта турат. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, аталган илдет жайылып жаткандан тышкары жашарып да баратат.

- Кайсы гана оору болбосун аны алдын алуу маанилүү. Бул оорунун өнүгүү жолдору тууралуу айтып берсеңиз. Кандай белгилери болот, кайсы учурда айымдар дарыгерлерге кайрылышы керек?

- Тилекке каршы көкүрөктүн залалдуу шишиги баштапкы стадияларда билинбейт. Качан гана экинчи стадияга өтүп баштаганда колго урунуп баштайт, колтуктагы бездер чоңоёт, ошондо гана шишик бар экенин билишет. Өнөкөт башталган мезгилде билинбегени үчүн абдан коркунучтуу. Андыктан, биздин айымдар гинекологго текшерүүдөн өтүү үчүн барганда эле көкүрөгүн да көрсөтүп койгон туура болот. 40 жашка чейин ар бир аял заты жылына бир жолу оорубаса деле көкүрөгүн текшертип УЗИден өтүп турушу керек. Ал эми 40тан кийин маммографиядан өтүү зарыл. Эгерде региондогуларда мындай мүмкүнчүлүгү жок болсо, үй-бүлөлүк дарыгерлерге, гинекологдорго же жергиликтүү хирургдарга барып туруу керек. Мындан сырткары айына бир жолу өзүн-өзү текшерип турганы да жакшы. Көкүрөк бездерин кармап, шишик бар же жок экенин билишсе болот. Эгерде колуна шишик урунса ошол замат дарыгерге кайрылышы керек. Бизде тилекке каршы, көбүнчө кайрылган бейтаптардын 60-70 пайызында рактын үчүнчү жана төртүнчү стадиялары аныкталып жатат.

- Эгерде убагында тиешелүү адистерге кайрылбаса кандай жыйынтык күтүшү мүмкүн?

- Биздин айымдардын арасында ушул диагноз коюлгандан кийин дарыланбай, башка методдор менен дарыланууну колго алгандары да бар же болбосо такыр эле дарыланбай коюшат. Убакыттын өтүшү менен оору күчөп, 4-стадияга айланат. Көпчүлүк айымдар мына ушул учурда келишет. Шишик деген ордунда турбайт да. 4-стадияда шишик дененин башка бөлүктөрүнө чейин тарап кеткен болот. Ошол эле боор, баш, өпкө сыяктуу башка органдарга тарайт. Мындайда башка органдар да жабыркап, акырындык менен өлүмгө алып келет.

- Медицина ордунда турбайт. Бул өнөкөттү дарылоо процессинде жаңы методдор пайда болдубу?

- Учурда заманбап жабдыктар менен жабдылып, заманбап кызмат көрсөтүлүп жатат. Бизге келген бейтаптар биринчи УЗИден өтүшөт, андан кийин эгерде шишик байкалса маммографияга жиберилет. Азыр CORE-биопсия деген бар, ошол жактан биопсия алып, шишиктен эт алынып, гестологияга жиберилет. Андагы жыйынтык чыккандан кийин оорунун молекулардык түрүн аныкташыбыз керек болот. Аныкталгандан кийин ошого карата консилиум өтөт. Андан кийин операция жасалабы же химия терапиядан өтөбү, кыскасы жолдору аныкталат. Дагы бир маанилүү жагдай, бул өнөкөттү дарылоо жолу узак. Көп убакыт бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу керектелет.

- Убагында кайрылса бул ооруну толугу менен жеңсе болобу?

- Албетте, эгерде баштапкы стадияларда кайрылса анда дарылоо процесси да оңой жана кыска аралыкта болот. Айыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот. Бул өнөкөттө биз операция жасаганда көбүнчө көкүрөктү алып салабыз. Ал эми кээ бир түрлөрүндө көкүрөк толугу менен алынбай, пайда болгон шишик гана алынып, башка органдары толугу менен сакталып калат. Бул операция көбүнчө баштапкы стадияларда жасалат.

Көкүрөктө залалдуу шишиктин пайда болушу эмне менен байланыштуу?

- Эмчек рагына көбүнчө организмде гормоналдык өзгөрүү болгондо кабылышат. Мындан сырткары, катуу алган жараат, стресс мунун баары билинбей залалдуу шишикти пайда кылат. Алсак, эмчек бези өтө назик, жөнөкөй эле кокустатып алуудан ракка айланып кетиши мүмкүн. Көп капалануу, стресс да дарттын бирден-бир себеби. Эмчек рагы тукум кууйт. Ошондуктан эмчек рагына кабылган адамдын туугандары, кыздары бат-баттан дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турганы жакшы. Мындан сырткары, мастопатиянын түрдүү формалары да эмчек безинин шишигине алып келиши толук ыктымал. 30 жаштан кийин балалуу болуу, аз эмизүү же такыр эле эмизбеген аялдардын да бул дартка кабылуу коркунучу башкалардыкынан көбүрөөк.

- Алдын алуу жолдоруна токтолуп өтсөңүз?

- Буга чейин айтканымдай эле УЗИге түшүп, тиешелүү адистердин кароосунан өтүп туруу керек. Мындан сырткары, ооруну өзү аныктоо деген бар деп айтпадымбы. Башкача айтканда, айызы келип бүткөндөн кийин көп убакыт өткөрбөй эмчегин жакшылап кармап, шишиктин бар-жогун аялдар өздөрү деле билсе болот. Эгер айызы токтогон аялдар кайсы күн болбосун текшерип көрө алат.

- Маанилүү жана пайдалуу маек үчүн рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан