"Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек - Ош унаа жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ишкана жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.

 "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан