"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору биринчи окууда талкуусуз кабыл алынды

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Анда мыйзам долбоорунун автору депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо, экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Мындай тариздеги мыйзам буга чейин 2013-2014-жылдары сунушталып, бирок каралбай калган. Ал эми 2022-жылы кайрадан сунушталган.

Долбоордун негизги автору Надира Нарматова өз сөзүндө өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчёттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Ошондой эле бардык уюмдар "чет өлкөлүк агент" деп табылбай турганын кошумчалады. Мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүүнү сунуштап жатат.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилеп келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан