Парламентте депутаттардын алдына мамлекеттик туунун сувенири коюлду (сүрөт)

Бүгүн, 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында ар бир депутаттын алдына мамлекеттик туу коюлду.

Бул демилгени эл өкүлү Мирлан Самыйкожо сунуштады.

"Урматтуу төрага, Мамлекеттик туу күнүндө "Элдик" депутаттык тобу ар бир депутаттын алдына желек койбодук беле. Бүгүн да уруксат берсеңиз, депутаттардын алдына туу коюп коёлу", - деди Самыйкожо.

Андан соң эл өкүлдөрүнүн алдына мамлекеттик туунун сувенирлери коюлду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштоодо.

Төрага 24-октябрда туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугуп мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

Кечээ депутат Мирлан Самыйкожо желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, буга коомчулуктун көпчүлүгү каршы болуп жатканын белгилеген.

Андан соң президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирген.

Бул демилге кызуу талкууга жем таштап, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Биз эл өкүлдөрүнүн пикирин сурап көрдүк.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан