Нуржигит Кадырбеков: "Тууну эмес, аң-сезимди өзгөртүү керек"

Мамлекеттик тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков SUPER.KG порталына билдирди.

Эл өкүлү чечим кабыл алууда элдин пикирин эске алуу керектигин белгилеп, өзү да өзгөртүүгө каршы экенин айтты.

"Эгемендик алгандан бери көзүм көнгөн туу ушул. Мага аябай кооз көрүнөт. Менимче тууну же тышкы символдорду, атрибуттарды өзгөрткөндөн көрө, аң-сезимди, ички жан дүйнөнү өзгөртүүгө иштеш керек го. Кыргызда "Ичиң оңолмоюн, сыртың жөндөлбөйт" деген сөз бар. Мен ушул тууну жакшы көрөм, сүйөм, анткени мен үчүн дүйнөдөгү эң кымбат символ - ушул туу!", - деди Кадырбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштоодо.

Төрага 24-октябрда туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугуп мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

Кечээ депутат Мирлан Самыйкожо желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, буга коомчулуктун көпчүлүгү каршы болуп жатканын белгилеген.

Андан соң президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирген.

Бул демилге кызуу талкууга жем таштап, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Биз эл өкүлдөрүнүн пикирин сурап көрдүк.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан