Президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов желекти өзгөртүүгө каршы позициясын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы расмий баракчасына жазды.
“Эртең менен башка желекти көрүп ойгонушту каалабайм. Мага чоочун болгон желекти ыйык деп эсептегим келбейт. Ошондой эле демилгечилерге тууну өзгөртүүдө өтө этият болууну эскертем. Учурда мындан маанилүү көйгөйлөр толтура, ошолорду тез арада чечиш керек. Биз глобалдык өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз, бул сыяктуу ката кетирүүгө укугубуз жок”, — деди Ибрагимов.
Ал пикирин Садыр Жапаровго жеткире турганын, анткени бул маанилүү нерсе экенин айткан.
Эскерте кетсек, тууну өзгөртүү демилгесин алгач парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Андан кийин президент бул демилгени колдой турганын билдирген.
Андан кийин эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да бул идеяны колдоп чыккан.