Чүйдө колу-буту байланган абалда көчөдөн табылган окуучу кыз боюнча милиция маалымат берди

Чүйдө 7-класстагы кыз колу-буту скотч менен оролуп, шымы чечилген абалда көчөдө табылган. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, окуя 24-октябрда болгон. Окуучу кыз көчөдө эс-учун жоготуп жатканда улгайган жубайлар таап алышкан.

"Кыздын буту жана колдору скотч менен оролгон, оозунда чүпүрөк болгон. Шымы менен ич кийими шыпырылган абалда табылган. Өспүрүм кыздын боосун чечип, оозунан чүпүрөктү алганда, ал өзүнө келген", - деп жазылат анда.

Окуяга күбө болгондор милиция кызматкерлерин жана кыздын туугандарын чакырышкан. Мектеп окуучусу үй-бүлөнүн бакма кызы экендиги айтылат.

Маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан ырастады.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда Сокулук РИИБине байланган жашы жете элек кыз табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аны табылган кыздын кошуналары кабарлаган.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Иштин жүрүшү Чүй ОИИББинин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Балдардын укуктары боюнча мамлекеттик уюмдар да тартылууда. Текшерүүнүн жүрүшүндө бардык зарыл болгон юридикалык экспертизалар дайындалып, бардык күбөлөр, кыздын өзү жана ата-энеси суракка алынып, такталган. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан