Казино ойногон Кыргыз жарандарын эркинен ажыратуу сунушу даярдалууда

Өлкөдө казиного кирген Кыргыз жарандарын 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушу даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда парламентте депутат Марлен Маматалиев билдирди.

"Казинолор, тотализаторлор баары бир жерде болот. Эгер ал жерге Кыргыз жараны кирсе, ишкердин лицензиясы алынып, өзүнө ири өлчөмдө айып пул салынат, экинчи жагынан, ойногону барган кыргыз жараны 2-5 жылга эркинен ажыратылат. Ошондо бир дагы Кыргыз жараны ал жерге кирбей калат эле”, - деди Маматалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Анда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев тотализаторлор жана букмекердик конторалар жабылганын айтып, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, аталган оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, атайын оюн аянтчасынын аймагында же казинодо жайгаштырууга уруксат берилерин маалымдады.

Учурда өлкөдө чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан